Асылган тамак бышканчалык, бышып даяр болгончолук убакыт. Анан Төлөмүш кенен аш бышым сүйлөшүп, Жумандын жанында отуруптур (Бердикеев). Ашыкпастан энеңе, Аш бышымда жетем деп (Тоголок Молдо).
Кыргыздар пайдаланган убакыт өлчөмү: аш-тамак бышууга кеткен убакыт, болжолдуу эки саатча убакытты туюнтат. Аш бышымдай ыйлады («Манас» С. О.). Анан Төлөмүш кенен аш бышым сүйлөшүп, Жумандын жанында отуруптур (Бердикеев). Ашыкпастан энеңе, Аш бышымда жетем деп (Тоголок Молдо). В.: Эт бышым. Эси эңгиреп Табылды, Эт бышымдай жатты эми («Эр Табылды»).